Бишкектеги автобустардын 30% — жараксыз абалда (видео)

904

Борбор калаадагы автобустардын 30 пайызы — жараксыз абалга келди. Бул тууралуу Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынан билдиришти. Адистердин айтымында, учурда автобазада 2008 жана 2010 – жылдары Кытайдан алынып келген автобустар гана бар. Алардын айрымдарын гана оңдоого мүмкүн болсо, көпчүлүгү жарактан чыгып калган.

Азыркы тапта баш калаада 100гө чукул автобус каттамга чыгып жатат. Бишкектиктерди коомдук транспорт менен толук камсыз кылуу үчүн 800 автобус керек, дешет адистер. Азыр Бишкек шаарынын мэриясы жаны автобустарды сатып алууга белсенүүдө. Бүгүнкү күндө баш калаанын бийлиги 383 миллион сомго тендер жарыялады.