Бишкектеги балдар ооруканасынан 7 кишиден коронавирус табылган

3652

Эне жана баланы коргоо борборунан 7 адамдан коронавирус аныкталганы тууралуу республикалык штаб маалымдады. Энени жана баланы коргоо боюнча Улуттук борбордун гематология бөлүмүндө буга чейин дарыланып кеткен бейтаптан коронавирус аныкталган. Ал дарыланып чыгып Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна баргандан кийин вирус жугузганы белгилүү болгон.

Бул маалыматтан кийин ооруканадагы бардык бардык бейтаптар, оорулууларды карап жаткандар жана медициналык кызматкерлер изилденип, ПЧР тест менен 7 адамда коронавирус бар экени аныкталган. Алар — 2 бала, 3 эне жана 2 медициналык кызматкер. Калган 20 кызматкерде, 13 балада жана 7 ата-энеде тесттин жыйынтыктары боюнча коронавирус жок болуп чыкты. 14 күн бою алар дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат.

Республикалык штабдын маалыматы боюнча Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун экинчи базасында бейтаптар кабыл алынган эмес, дезинфекциялык иштер жүргүзүлгөн. Анда 13 бала ден соолугу оор акыбалда болгондуктан медициналык жардамга муктаж жана катаал карантиндик чараларды сактоо менен бөлүмдө дарылануусун улантууда.

20 кызматкер үчүн имараттын биринчи жана экинчи кабаттарында обсервация уюштурулган, бардык медициналык кызматкерлер жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.