Бишкектеги балдардын оюн-зоок аянтчалары 1-июнда ачылабы? (видео)

1491

1-апрелден бери жабык турган балдар оюн-зоок аянтчаларын иштеткендер банкрот болуу алдында турат. Ишкерлер ачылууга уруксат берүүнү суранып, мэрге кат жолдошкон. Айтымдарында, коронавирустун жайылып кетпешинин алдын-алуу үчүн бардык санитардык эрежелерди так сактоого даяр.

Белгилей кетсек, балдар оюн-зоок аянтчалары алгач 14 күнгө жабылган. Андан бери дээрлик 2 айдай убакыт өтсө дагы, бул бизнестин түрү менен алектенгендердин жумушка чыгуусуна уруксат берилбей келет. Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева бул маселе бир жуманын ичинде каралып, кандайдыр бир чечим кабыл алына турганын убадалоодо.