Бишкекте башкы балатынын чырактары жандырылды

638

Бишкек шаарынын Жаңы жылдык балатысынын оту жанды. 10-декабрда кечинде Ала-Тоо борбордук аянтында балатынын жанында майрамдык концерт өттү.

Салтанаттуу аземге шаар тургундары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Мэриянын маалыматына караганда, балатынын бийиктиги 27 метр, ал эми диаметри 12 метр.

Майрамдык балаты 350 оюнчук жана жалпы узундугу 480 метрлик жалтырак менен кооздолгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.