Бишкектеги бильярддык клубда жашыруун иштеп жаткан казино аныкталды

688

Бишкектеги бильярддык клубдардын биринде жашыруун иштеп жаткан казино аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады. Мыйзамсыз иштеп жаткан казинодо покер оюнунун алты столу, анын фишкалары жана ойноочу карталар табылган.

Атайын жүргүзүлгөн операция учурунда ар бир столдо 6-7ден киши ойноп жатканы да белгилүү болду. Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин «лотерея жабдууларын жана башка каражаттарды колдонуу менен кумар оюндарын уюштуруу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Эске салсак, 2012-жылдан тарта Кыргызстандын аймагында казино ачууга жана иштетүүгө тыюу салынган.