Бишкектеги бир нече соода борборлору убактылуу ишин токтотот

6531

Бишкектеги «Дордой Плаза» соода борбору өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу 8-июлдан 19-июлга чейин убактылуу ишин токтотот. Бул тууралуу аталган борбордун администрациясы 7-июлда билдирди. Маалыматка ылайык, бул күндөрү соода борборундагы «Фрунзе» гипермаркети, дарыкана жана «Демир банктын» бөлүмү гана иштейт.

Ушул эле күнү башкалаадагы «Asia Mall», «Технопарк» соода борборлору, «РИОМ» автоунаа базары да коронавируска байланышкан эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин карантинге жабыла турганын билдиришти. Аталган жайлар кайра качан иштей баштай турганы так айтылган жок.

Кыргызстанда соңку күндөрү коронавирус жайылып, абал курчуду. Вируска жана пневмонияга чалдыгып, каза болгондордун саны кескин көбөйдү. Учурда ооруканаларга медициналык жардам ала албагандар көп кайрылып жатышат. Бийлик жарандарды үйдөн чыкпоого чакырууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-июлда азырынча өлкөдө карантин киргизүү маселеси карала электигин айткан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.