Бишкектеги бизнес борборду жалын каптады (видео)

866

Бишкектин Орто-Сай базарындагы «Каухар» соода борборунда чыккан өрт өчүрүлдү. Бактыга жараша жабыркагандар жана каза болгондор болгон жок. Жалын түшкө маал өчүрүлүп, кырсык болгон жерде 3 өрт өчүрүүчү унаа иштеп жатты. Куткаруучулардын айтымында, жалын имараттын бешинчи кабатындагы медициналык клиникада тутанган. Ал жерде иштеген кызматкерлер толугу менен эвакуацияланды. Өрт учурунда медициналык жайдын ичинде онго жакын адам болгону айтылууда. Алдын-ала маалыматтар боюнча, кырсык зымдардын кыска туташуусунан болушу мүмкүн. Азырынча өрттүн чыгышынын так себептери аныктала элек.