Бишкектеги Горький атындагы скверде “Мигрант үнү” аттуу акция өттү

862

Бишкектеги Максим Горький атындагы скверде “Мигрант үнү” аттуу акция өттү. Иш-чаранын максаты чет жакта иштеп жүргөндөрдүн көйгөйүн аткаруу бийлигине жеткирүү. Бул акцияда көйгөйлөрүн айтып берүү үчүн Россияда иштеп жүргөн бир топ кыргызстандыктар келишиптир.

Алар иш-чара маалында «Жүк-200» боюнча кайрылууну Жогорку Кеңештин депутаттарына жолдошту. Анда четте жүрүп ар кандай кырсыктарга кабылып набыт болгон кыргызстандыктарга финансылык жардам көрсөтүү боюнча өтүнүч келтирилип, ага 40 миңге жакын мигрант кол койгон.

Айтымдарында чет өлкөдө жүргөн адамдын көзү өтүп кетсе, мекендештери социалдык тармактар аркылуу акча чогултууга мажбур болушууда. Мамлекет бөлгөн 50 миң сом чыгымдарды жабууга жетпей жатат, дешет алар. Ошондой эле алар дагы бир топ көйгөйлөр бар экенин айтышты.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы боюнча, чет өлкөдө 710 миңдей кыргызстандык миграцияда жүрөт. Бирок реалдуу көрсөткүч мындан бир топ жогору, дешет серепчилер.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.