Бишкектеги кара түтүн дрондун жардамы менен текшерилет

1293

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги Бишкек шаарынын экологиясына дрон менен байкоо жүргүзүп турат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Анын маалыматына караганда, агенттиктин кызматкерлери күн сайын шаардын борбордук көчөлөрүнө, жаңы конуштарга, мончолорго, сауналарга жана чоң-чоң жеке менчик ишканалар менен базарларга көз салып, адамдар таштанды ыргыткан, дөңгөлөк жаккан учурларды текшерип турушат. Мыйзамга туура келбеген фактылар тууралуу маалыматтар ИИМге, Мамэкотехинспекцияга чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилет.

Экологдор жылуулук сезону башталары менен шаарды кара түтүн каптап, абадагы булганыч заттардын көлөмү нормадан ашып түшкөнүн айтышууда. Баш калааны каптаган кара түтүн маселеси быйыл да, былтыр да парламентте көтөрүлгөн. Бирок аны чечүүнүн эч кандай жолу каралган эмес. Бишкек мэриясына аны чечүүнүн жолдорун тез арада иштеп чыгуу тапшырылган.

Калкынын саны 1,5 миллионго чукулдап калган Бишкектин жашоочуларынын көбү азыр көмүр жагып отурат. Мындан тышкары менчик мончолор да бар. Адистер автоунаалардан бөлүнүп чыккан ыш да шаарды булгап жатканын белгилешет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.