Бишкектеги каргашалуу жол тилкеси (видео)

658

Бишкектин Баялинов жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде бир аптанын ичинде эле бир үйдү 2 жолу машина сүздү. Айдоочулардын айтымында, кооптуу жол тилкесине светофор коюлбагандыктан, автомашиналар жол жээгиндеги үйлөргө урунган учурлар көбөйдү. Буга чейин ушул эле үйдүн жанындагы дагы бир тамдын тосмосун унаа сүзүп, короого кирип кеткен.

Бул боюнча жергиликтүү тургундар Бишкек мэриясына кайрылганда жергиликтүү бийлик быйыл светофор орнотууга каражат жок, маселени кийин чечүүгө аракеттенебиз, деген убада берген. Ал эми 3 күн аралыгында дарбазасын эки жолу машине сүзүп талкаланган үйдүн ээси башка жакка көчүүдөн башка аргам жок, деп жатат.