Бишкектеги катуу шамалдын кесепеттери (видео)

992

Бишкек шаарында шамалдын кесепетинен 20 бак кулады. Фучик атындагы паркта эле 10 дарак тамыры менен антарылып түшкөн. Бул тууралуу «Жашыл чарба» муниципалдык ишканасынан билдиришти. Ошондой эле, шамал борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы башкы тууну учуруп кетти. Мындан тышкары, үйлөрдүн чатырлары жабыркап, электр зымдары үзүлүп, бир катар райондордо жарык өчтү. Учурда шамалдын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.