Бишкектеги катуу жааган жаандын кесепеттери (видео)

731

Муниципалитет катуу жааган алгачкы жамгырдын кесепеттерине даяр эмес болуп чыкты. Бишкектин бир катар көчөлөрүн суу каптап, айдоочуларга ыңгайсыздык жаратты. Суудан машинасынын номурларын жоготуп алгандар да болду.

Өзгөчө, ордо калаадагы Жаш Гвардия бульварынан — Лев Толстой көчөсүнө чыга бериштеги көпүрөнүн алдына суу толуп, айдоочулардын жолдо жүрүүсү кыйындады. Мындай жагдай жер астындагы түтүктөрдүн таштандыга толуп калганынан улам жаралган. Тазалоо иштерин жүргүзүүгө техника жок, дейт адистер.