Бишкектеги коомдук транспорт тазалыкка муктаж (видео)

1197

Бишкектин транспорт кызматкерлери шаардагы жүргүнчүлөрдү коомдук унааларда тазалыкты сактоого чакырат. Мисалы, баш калаадагы ар бир троллейбустан күнүнө бир чакадан ашуун таштанды чыгарылууда. Муниципалдык ишкананын кызматкерлери таңкы саат 06.00дөн баштап, кечки 11ге чейин иштешет.

Бул убакыттын аралыгында алар ар бир троллейбусту жүргүнчүлөр таштап кеткен ар кандай калдыктардан бир нече жолу тазалоого аргасызбыз, дешет транспорт кызматкерлери. Учурда Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгында 130 троллейбус 110 жакын автобус калаа тургундарын тейлейт.