Бишкектеги коомдук транспортто сасык тумоону алдын алуу чаралары күчөтүлдү

891

Бишкекте сасык тумоо басаңдаганга чейин коомдук транспорт дезинфекцияланарын мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

«Каттамга чыгар алдында ар бир автобус менен троллейбустун ичине атайын кошулма чачылат. Коомдук транспорттун кармагычтары, отургучтардын кармагычы, руль жана эшиктери сүртүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Автобустар токтогон жерде да транспорттун ичи нымдуу чүпүрөк менен сүртүлүп турат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.