Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн батиринен өрт чыкты (видео)

867

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйдүн батиринен өрт чыкты. Анын кесепетинен турак-жайдын тургундары толугу менен эвакуацияланып, жалын 40 мүнөттө өчүрүлдү. Бактыга жараша кырсыктан эч ким жабыркаган жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы бир сутканын ичинде эле 11 өрт кырсыгы катталган. Былтыр өлкө аймагы боюнча 5 миңге жакын өрт кырсыгы катталып, 59 адам көз жумган. Тилсиз жоонун айынан келтирилген зыяндын көлөмү болсо — 80 миллионго жеткен.