Бишкектеги кыйылган бак-дарактар чырга себеп болду (видео)

634

Учурунда «Жашыл шаар» атка конгон Бишкек жакынкы жылдарда бетон калаасына айланышы ыктымал. Былтыр ордо калаада миңге жакын бак-дарак кыйылган. Быйыл деле токтогон жок.

Жаратылышка болгон мындай мамиле улана берсе, Бишкектин экологиясы азыркыдан дагы бузулат, дейт адистер. Бирок мындай тынчсыздануулар калаа бийлигин ойлонтпойт көрүнөт. Түгөлбай ата көчөсүндөгү азыркы абал шаар тургундарын кооптондурууда.