Бишкектеги лифттердин 78% нын пайдалануу мөөнөтү өттү

1021

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдөгү лифттердин 78 пайызынын пайдалануу мөөнөтү өтүп кеткендиктен, аларды алмаштыруу зарыл. Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары атайын рейд уюштурушуп, анын жүрүшүндө кайсы лифттерди биринчи кезекте алмаштыруу керектигин аныктап чыгышты. Эске салсак, муниципалдык лифттерди жаңыртуу үчүн быйыл шаар бюджетинен 30 миллион сом бөлүнгөн. Бул акчага көп кабаттуу үйлөрдөгү 20дан ашык көтөрүп-түшүрүү механизмдери жаңыртылганы жатат. Ал эми бир нече лифт капиталдык ремонттон өткөрүлөт.