Бишкектеги май куйуучу жайлардын тең жарымы бузулабы? (видео)

633

Бишкек шаарындагы жүзгө жакын май куючу станциянын 15 курулуш талаптарына жооп бербейт. Дагы 42 өрт коопсуздугу боюнча эрежени сактабай келет. Мындан улам, ордо калаадагы май куйуучу жайлардын жарымы бузулушу мүмкүн.

Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында вице-мэр Уланбек Азыгалиев айтып чыкты. Ошол эле учурда, калаа жетекчилиги май куйуучу станциялардын ордуна социалдык багытта башка объект салуу планы бар болсо, ага уруксат берүү керектигин белгиледи.