Бишкектеги мектеп, бала бакчалар качан толук ачылат? (видео)

1092

Бишкек шаарындагы мектептер эпидемиологиялык абал жакшырганда гана толук иштеп баштайт. Ошондуктан 1-марттан тарта ачылат деп так кесе айтуу кыйын. Эпидемиологдор мамлекеттик билим берүү мекемелеринде коронавирус жугузуп алуу коркунучу бар экенин, анткени окуучулар жыш отургузуларын айтышууда.

Бишкектеги 96 мектеп 79 миң окуучуга гана ылайыкталган. Иш жүзүндө ал жактарда 163 миң бала окуйт экен. Бирок мектептердин толук кандуу ачылышына уруксат берилбей, ал эми ошол эле коомдук жайларга эч кандай чектөө коюлбаганы сын пикирлерди күчөтүүдө.