Бишкектеги мектеп-лицейи кулап калуу коркунучунда (видео)

627

Бишкек шаарындагы №75 мектеп-лицейи кулап калуу коркунучунда турат. 600дөн ашуун бала билим алган имараттын эскилиги эбак эле жетип калган. Мындан төрт жыл мурда мамлекеттик курулуш жана сейсмология институту текшерүү жүргүзүп, имарат колдонууга жарактуу деген бүтүм чыгарган.

Бирок мындай чечим жетекчиликти канааттандырбайт. Себеби жаан-чачын күндөрү мектептин шыбынан суу кирип, дубалдарынан жарака кетип, чекесинен урай баштаган. Мугалимдер мындай шартта балдарга сабак өтүү өтө эле кооптуу деп чоочулашууда.