Бишкектеги мушташ. Шектүүлөр милицияга өздөрү келишти (видео)

606

Адамдарды аёсуз сабаган деп шектелген Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков тергөө абагына киргизилди. Тартип сакчыларынын айтымында, алар көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатышат. Барынан кызыгы, 3 күндөн бери өлкөнүн булуң-бурчунан гана эмес, бир катар өлкөлөрдөн да изделип жаткан качкындар, таңга жуук Бишкек шаардык милициясынын имаратына өздөрү келишти.

Тартип сакчыларынын айтымында, «адам өлтүрүүгө аракеттенди» деп шектелгендер кеминде 10 жылга же өмүр бою эркинен ажыраталышы мүмкүн экен. 5 милиция кызматкерлери кошо күнөөлөнүп жаткан бул окуя аягына чыга электе башка тартип сакчылардын катышуусундагы мушташ катталганы белгилүү болду.