Бишкектеги «Өлбөс полк» жүрүшүнө 50 миңден ашуун адам катышты (видео)

1741

Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда «Өлбөс полк» акциясы баштаган бир катар салтанаттуу иш-чаралар өттү.

Бишкек шаарында уюштурулган жөө жүрүш Түштүк магистралда эртең мененки саат 9да башталып, эл Жеңиш аянтына түшкү саат 12лер чамасында жетти. Ага баш-аягы 40 миңден ашуун адам катышты.

Улуу Жеңиш майрамына арналган салттуу колоннаны президент Сооронбай Жээнбеков жетектеди.