Бишкектеги Панфилов сейил багында өрт чыкты

825

Бишкекте кичи-зоопарктагы жаныбарлар өрттөнүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматка ылайык, тилсиз жоо ордо калаадагы Панфилов сейил багында жайгашкан кафелердин биринде катталган. Анын кесепетинен «Живая экзотика» кичи зоопаркында да от тутанган.

Өрт тууралуу маалымат келип түшөрү менен 4 өрт өчүрүү унаасы окуя болгон жерге барып, жалынды токтотууга 1,5 сааттай убакыт кеткен. Алгач «Живая экзотика» деп аталган мини-зоопарктагы экзотикалык жаныбарлардын күйүп кеткени айтылган.

Бирок паркттын администрациясы алар эмес, жем катары бериле турган чочко, коен жана келемиштер өрттөнүп кеткенин маалымдашты. Азырынча өрт эмне себептен келип чыкканы белгисиз.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.