Бишкектеги селсаяктар үчүн башпаанек (видео)

1577

Бүгүн жана эртең абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометеорология агенттиги кабарлады. Сууктун күчөшү менен Бишкек шаарынын бардык райондорундагы муниципалдык баш калкалоочу жайлар ачылып, үй-жайсыз көчөдө калган адамдарды кабыл ала башташты. Эки райондогу мекеменин ар бири 70 кишиге деп эсептелсе, калган экөө 45 адамга чейин кабыл ала алат.

Бирок бүгүнкү күндө бардык баш калкалоочу жайлар үй-жайсыз жарандарга жык толгон. Күндүн суукташы менен көрсөтүлгөн ченемден дагы көп селсаяктарды алууга туура келүүдө, дешет мекеменин кызматкерлери. Анын үстүнө жылдан-жылга үй-жайын таштап, көчөгө чыгып кеткен адамдардын саны дагы көбөйүп жатыптыр.