Бишкектеги Спорт ордосу жеке колго өтөбү? (видео)

872

Жогорку Кеңештин депутаты Кожомкул атындагы спорт ордосун сатууну сунуш кылды. Эл өкүлү имараттын эскилиги жетип, спорттук иш-чара өткөрүүгө шарты туура келбей, тегерегин көп кабаттуу турак жайлар басып кетти деген жүйөө келтирүүдө. Бирок спорт жайын жеке колго өткөрүүгө мыйзам жол бербейт.

2,5 миң көрүүчүгө ылайыкталган спорт ордосу 1974-жылы салынган. Бирок 45 жылдан бери аталган имаратты капиталдык оңдоп-түзөө үчүн бир сом бөлүнгөн эмес, дейт жетекчилиги.