Бишкектеги талкаланган жолдор (видео)

812

Курулганынан дагы бузулганы тез жолдор. Бишкектин бир катар көчөлөрү оңдолгонунан жарым жыл өтпөй, жарылып бузулууда. Мисалы, ордо калаанын Күрөнкеев көчөсүнө былтыр эле асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилгени менен, жол кыртышы көп өтпөй бузула баштаган. Учурда ал жерде кайрадан оңдоо иштери жүрүп жатат. Андыктан сапатсыз курулган жолго ким жооп берет, деген суроо жаралат. Бул боюнча Бишкек мэриясынан интервью алууга мүмкүн болгон жок. «Бишкекасфальтсервис» ишканасынын жетекчилиги менен байланышуу аракетибиз дагы майнапсыз болду. Ал арада, Жогорку Кеңештин депутаттары сапатсыз жолдорду курган тараптарды кылмыш жоопкерчилигине тарта турган мыйзам долбоорун сунуштап жатат.