Бишкектеги тиш дарыгерлердин чыры (видео)

856

Тиш доктурлардын тиреши. Бишкек шаарындагы №4 стоматологиялык бейтапканасындагы чыр парламентке чейин жетти. 30дай мурдагы жана азыркы кызматкерлер мекеменин директорунун үстүнөн арызданышты. Бирок оорукананын жетекчиси нааразы тараптын айткандарын четке кагууда.

Ал арада, иштен кеткен кызматкерлер маселеге көңүл бурууну өтүнүп, Жогорку Кеңешке, президентке кайрылуу жолдошту. Мекеменин жетекчилиги болсо ак экендигин далилдөөгө даяр.