Бишкектеги тойдон уулангандардын саны 89га жетти

1157

Бишкектеги “Ала-Тоо” ресторанында тоок этине уулангандардын саны 139га жетти. Алардын 89у оорукага жеткирилген. Бул тууралуу республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынан билдиришти.

31-мартта борбор калаадагы “Ала-Тоо” ресторанында Ош, Ысык-Көл, Нарындан келген 190 адам катышкан үйлөнүү той өтүп, андан 38 адам ууланганы кабарланган.

Ресторандын ээлери «текшерүү бүткөнчө түшүндүрмө берилбейт» деп билдиришти. Учурда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тамак калдыктарынан анализ чогултуп, ресторанды текшерип жатат. Борбордун башкы дарыгери Артур Буюклянов баштапкы маалымат боюнча ууланууга тоок эти себеп болгонун, так жыйынтык 4-апрелде чыгаарын билдирди.

Коомдук тамактануучу жайлардан адамдар ууланган учурлар буга чейин да бир нече ирет катталган.