Бишкектеги түнкү клубда баңги заты табылды (видео)

900

Баңгизаттары сатылууда деген маалыматтын негизинде Бишкектеги «Гараж 312» деп аталган түнкү клубунда тартип сакчылары атайын операция өткөрүштү. Анын натыйжасында 50дөй адам кармалып, алардын бешөөнөн маңзаттары табылганы айтылууда. Бул иш боюнча шектүү катары түнкү клубдун ээси менен бир нече кызматкери кармалганы да белгилүү болду. Учурда Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү бул боюнча кыскача маалымат таратуу менен гана чектелип, окуя тууралуу маалымат берүүдөн карманышууда. Адистердин айтымында, мурда героин сыяктуу баңги заттары массалык түрдө колдонулуп келсе, учурда синтетикалык наркотиктер кеңири тарап жатат.