Бишкектеги унаа токтотуучу жайлар бекер болбойт (видео)

874

Унаа токтотуучу жайларга акы төлөнөт. Мындай сунуш мэрия тарабынан киргизилүүдө. Бул демилге качан ишке ашаары белгисиз. Маселе Бишкек шаардык кеңешинде каралышы керек.

Калаа бийлиги парковкалардан жылына 100 миллион сом табууну көздөп жатат. Эгерде долбоор жүзөгө ашырылса, муниципалдык унаа токтотуучу жайлар төрт зонага бөлүнүп, борбордук көчөлөрүндө акы жогору болот. Буга айдоочулар макулбу?