Бишкектеги жаңжалдан кийин милицияга 30 чет элдик жаран алып келинди

644

Бишкекте болгон жаңжалдан кийин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө 30 чет элдик жаран милицияга алып келинди. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Эске салсак, борбор калаанын Виноградная жана Исакеев көчөлөрүнүн кесилишинде бир нече киши мушташып жатканы боюнча милицияга билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган тартип сакчылары мушташкандар Эл аралык медициналык университетте окуган пакистандык студенттер экенин аныкташкан.

Маалыматка караганда, алар күнүмдүк эле нерселерден улам талашып-тартыша кетишкен. Милиция баргандан кийин чыр-чатак толугу менен жайгарылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.