Бишкектеги жарманкеге өндүрүүчүлөрдүн көбү келген жок (видео)

1403

Арзан баадагы айыл чарба азыктарынын жарманкеси талаш менен коштолду. Сатып алууну каалагандар арбын болгондуктан айрым өндүрүмдү талап алып кетишти. Күн мурунтан айыл чарба министрлиги күнүмдүк керектелүүчү азыктардын 10го чукулу жарманкеге коюларын жар салган.

Бирок алардын ичинен 4-5 гана элге сунушталды. Калган өндүрүүчүлөр болсо келбей коюшту. Ага карабай шаардыктар өзгөчө кары-картаңдар аларды келип калат деген үмүт менен суукка карабай көпкө чейин күтүп турушту.