Бишкектеги жер тилкелер кимге мыйзамсыз берилип кеткен? (видео)

1507

Бишкек шаарынын түштүк аймагында мыйзамсыз бөлүнүп берилген жер тилкелерине байланыштуу эки кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө башкармалыгынын башчысы Абдыкадыр Разаев Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди. Анын айтымында, 2 кылмыши иши «коррупция» беренеси боюнча козголгон. Бирок бул боюнча кимдер сурак берип жатканы айтылган жок. Эскерте кетсек, буга чейин эле жер тилкелери ижарага мыйзамсыз берилип, капиталдык курулушка тыюу салынган жерлерде коммерциялык имараттар курулуп жатканын айтылып келген. Депутаттар буга жол берген жооптуу адамдарды жазалоону талап кылып, бул ишти башкы прокурор өз көзөмөлүнө алуусун суранышты.