Бишкектеги жол кырсыгынан милициянын 3 кызматкери жабыркады

891

Бишкекте милициянын мобилдик батальонунун атайын унаасы жол кырсыгына кабылып, андагы 3 кызматкер ооруканага жеткирилди. Маалыматтарга караганда, окуя бүгүн таңкы саат бештерде, Абдрахманов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Тартип сакчылары отурган унаа эки көчөнүн кесилишинде токтогон маалда, катуу ылдамдыкта келе жаткан «ДЭУ Нубира» машинеси милициянын унаасын артынан келип сүзгөн. Мобилдик батальондун экипажы жабыркап, алардын үчөө тең ооруканага жеткирилди. Укук коргоо органдарынан билдиришкендей, кырсыкка күнөөлүү, деп шектелген айдоочу аэропортко шашып бара жатканын билдирген. Эки айдоочу тең соо болгон.

Ушу тапта бардык экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.