Бишкектеги жол кырсыгында 3 медицина кызматкери жабыркады

911

Бишкекте тез жардам унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Кырсыктан 3 медицина кызматкери жабыркады.

Окуя ордо калаанын Манас жана Чүй проспектилеринин кесилишинде болуп, батыш тараптан Чүй проспектиси келе жатып, Манас проспектисине бурулуп жаткан тез жардам унаасы — чыгыш тараптан бараткан «Range Rover» үлгүсүндөгү жолтандабас менен кагылышкан.

Аталган факт кылмыш жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Эки унаа тең айып жайга киргизилди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.