Бишкекти эски унаалардан тазалоо сунушу сынга кабылды (видео)

1083

Депутат Дастан Бекешовдун Бишкек шаарына кирген унаалардан акы алуу сунушу сынга кабылды. Эксперттердин пикиринде, мындай кадам өлкө жарандарын мүмкүнчүлүгүнө карата бөлүп-жарууга алып келет. Себеби эски унааларды колунда каражаты аздар айдап, акчалуулар менен аткаминерлер жаңы машиналарды минип жүрүшөт, дешет адистер. Ошондой эле, эл өкүлүнүн эски коомдук транспорттогу каттамдардан алып салуу сунушу да колдоо тапкан жок. Бул демилге жакшы болгону менен ишке ашыруу мүмкүн эмес, дешет адистер. Анткени калааны жаңы автобус, троллейбустар менен толук камсыз кылууга каражат жок.