Бишкекти кайрадан кара түтүн каптады (видео)

2182

Бишкек дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаарлардын катарына кирдиби? Эколог активисттер жыл башында Бишкектеги абанын кирдегени боюнча маалыматтарды бул жагынан дүйнөдө алдыңкы орундарды ээлеген Кытайдын борбор шаарына салыштырган. Натыйжада, Бишкектеги абанын булганганы Пекинден бир нече эсеге жогору экени белгилүү болгон.

Мындан улам, алар курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине, Бишкек шаардык мэриясына кайрылып, маселе боюнча чара көрүүсүн өтүнүшкөн. Эксперттердин пикиринде, Бишкекте абанын кескин булганып кетишине шаардын айланасында жаңы конуштардын көбөйүп кетиши башкы себеп.