Бишкекти каптаган жагымсыз жыттын очогу кайсы жерде? (видео)

1499

Бишкек шаарында кара түтүн аз келгенсип, эми жагымсыз жыт пайда болду. 3 күндөн бери борбор калаада газга окшош жыт чыгып, тургундарды түйшөлтүүдө. Бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалууда. Газ кетүүчү түтүктөрдүн бардыгы текшерилип, бирок авария болгон жер табылган эмес.

Ишканалардын бирин текшере келгенде ал жайда автомобилдердин кыймылдаткычы үчүн колдонулган эски майды кайра иштетүүчү жай табылган. Жыт ошол жактан чыкканы айтылууда. Ал эми экологдор болсо Бишкекти каптаган жагымсыз жыт, жылуулук электр борбору менен жеке турак үйлөрдө жагылган сапатсыз көмүрдөн пайда болушу мүмкүн дешет.