Бишкектиктер эмнеге аллергияга көп чалдыгат? (видео)

885

Бишкектин үстүн каптаган түтүндүн катмары эмнеден улам калыңдай баштады? Буга чейин шаар тургундары борбордун үстүн кара түтүн каптап калганын айтып, нааразычылыгын билдиришкен. А түгүл, бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн болчу. Кечээ жакында адистер изилдөө жүргүзүп, чынында эле ноябрь айындагы көрсөткүчтөр боюнча Бишкектеги абанын булганышы нормадан 1,5 эсеге ашып кеткенин тастыкташкан. Булгануу өзгөчө шаардын борбордук бөлүгүндө көбүрөөк байкалган. Мындай көрүнүш тургундардын саламаттыгына залакасын тийгизип жатат, дешет дарыгерлер. Соңку жылдары Бишкекте жүрөк кан тамыр илдеттерине аллергияга кабылгандар көбүрөөк катталууда. Эң коркунучтуусу, бул көрүнүш түйүлдүктүн өөрчүшүнө да кедергисин тийгизип, тубаса майып балдардын төрөлүшүнө алып келет экен.