Бишкектиктер январь айындагы 5 күн үчүн жылуулукка акы төлөшпөйт

869

Бул тууралуу шаардык кеңештин сессиясынын жүрүшүндө белгилүү болду. «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасынын адистеринин айтымында, төлөмдү кыскартуу чечими бир нече күн батирлерде жылуулук тиешелүү деңгээлде болбогонуна байланыштуу кабыл алынды.

Эске салсак, 26-январда Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, анда айрым от казандары иштен чыккан. Мунун кесепетинен калаадагы турак-жай, социалдык мекеме-ишканаларга жылуулук берүү кескин начарлаган. Дал ошол күндөрү Кыргызстанды арктикалык антициклон каптап, абанын температурасы минус 30 градуска чейин түшүп кеткен.

Мындан улам, Бишкектиктердин көпчүлүгү үйлөрүн электр энергиясы менен жылытышкан. Буларды эске алуу менен шаардык кенештин отурумунда «Түндүкэлектр» ишканасынын Бишкектеги абоненттерине да ушундай жеңилдик берүү сунушу айтылды. Ал боюнча кандай чечим кабыл алынары жакынкы күндөрү белгилүү болот.