Бишкектиктерди ууланткан көк түтүндөн кантип кутулабыз? (видео)

904

Бишкектин үстүн каптаган көк түтүндөн арылса болобу? Экологдор жана жарандык активисттер борбор калаадагы абанын кескин булганып кеткенине тынчсызданууда. Адистер анын бир нече себептерин айтышууда. Алардын ичинен эң кооптуусу катары — үйлөрдү жылытуу үчүн жагылган көмүр жана автоунаадан бөлүнүп чыккан газ белгиленип жатат. Ошондой эле, Бишкек ТЭЦинен чыккан түтүндүн зыяны айтылууда. Андыктан өкмөт башчы Сапар Исаков «Улуттук энергетикалык холдинг» компаниясынын төрагасы Айбек Калиевге ТЭЦтен бөлүнүп чыккан түтүндүн зыянын азайтуу тапшырмасын берди. Бирок бул мекеменин өкүлдөрү Бишкек жылуулук электр борборунан чыккан түтүн мынчалык зыяндуу эмес экенин айтып жатат. Эми шаарды көк түтүндөн арылтуу үчүн көчөлөрдү желдетип турууга шарт түзүлүшү керектиги айтылууда.