Бишкектиктердин жылуулук акысы кайрадан эсептелеби? (видео)

731

Бишкекте жылуулукту борбордук системадан алган тургундардан 7 күндүк акы алынбайт. Бул туурасында «Улуттук энергохолдинг» билдирди. Алгач, шаар тургундары 26-январдан тарта 31-не чейин акы төлөөдөн бошотулуп, кийинчерээк «кайрадан эсептөөгө» биринчи жана экинчи февраль күндөрү кошулган. Учурда калаа тургундарына январь айында колдонулган жылуулуктун эсеп-дүмүрчөктөрү келе баштады. Бирок анда көрсөтүлгөн сумма менен жылуулук колдонуучулар макул эмес. Айтымдарында бир жуманын акысы «кайрадан эсептелет» делгени менен, мурдагыдай эле акча чыгып келген.