Бишкектин 100дөн ашуун көчөсү оңдоого муктаж (видео)

1382

Бишкек шаарынын 100дөн ашуун көчөсү оңдоого муктаж. Бирок быйыл ордо калаа боюнча 50 чакырым жол салууга гана каражат бар. Кытай 43 миллион долларды грант катары берген.

Жолдору асфальттала турган райондордун тизмесине киргендердин 50 пайызы — жаңы конуштар. Бишкек асфальт сервис муниципалдык ишканасы жакынкы күндөрү чуңкурлардын бардыгы жамалат деп ишендирүүдө. Бул үчүн шаардык бюджеттен өзүнчө каражат бөлүнгөн.