Бишкектин 4 вице-мэри кымбат унаада гана жүрүшү керекпи? (видео)

750

Тендер маселеси кайрадан коомчулуктун көңүл чордонунда. Бишкек мэриясы 3 миллион сомго 4 автоунаа сатып алууну көздөп жатса, Жогорку Кеңеш 2 миллион 750 миң сомго имараттын ажатканаларын капиталдык ремонттон өткөрүүнү пландады.

Бул боюнча эки орган тең сынак жарыялады. Калаа бийлиги сатып ала турган унаалардын ар биринин наркы 750 миң сомдон кем болбошу керек. Мындай кымбат баалуу унаа 4 вице-мэр үчүн алынып жатыптыр. Аткаминерлер арзаныраак, жупуну унааларды тепсе элдин маселесин чече албай калышабы?