Бишкектин айрым көчөлөрүнө кум себилбей, жол жүрүүдө кооптуулук жаратууда

977

Бишкектин тургундары жолдор тазаланбай жана кум себилбей жатканын айтып нааразы болушууда. Алардын айтымында, калаанын айрым көчөлөрүнө кум себилбегендиктен, жол жүрүүдө кооптуу болуп жатыптыр.

Ал эми «Тазалык» ишканасынын жетекчилиги жолдорду тазалоо иштери түнкү бирден тарта тынбай жүрүп жатканын жана учурда бул ишке 750дөй жумушчу жана 34 атайын техника тартылганын айтууда. Жолдогу тоңду эритүү үчүн 6-февралдан тарта 400 тоннадан ашуун кум жана 55 тонна техникалык туз чачылган.

Муниципалдык ишкананын өкүлдөрүнүн айтымында, тазалоо иштерине жол бою катар токтотулган автоунаалар тоскоолдуктарды жаратып жатыптыр.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.