Бишкектин айрым райондорунда абанын булгануусу күчөдү (видео)

1268

Бишкектеги Ак-Өргө жаңы конушунда абанын булганышы белгиленген ченемден 2,5 эсеге көп. Эколог-активистер билдиргендей, алар буга чейин борбор калаанын бир топ жерине абанын сапатынын өзгөрүүсү тууралуу онлайн тартипте кабарлай турган атайын жабдыктардын орнотушкан.

Бирок активисттердин маалыматтарын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги четке кагууда. Бул мекеменин өкүлдөрү борбордогу абанын булганышы норманын чегинде дешүүдө. Анын үстүнө активисттер орноткон жабдыктар сертификациялоодон өткөн эмес, дешет алар.