Бишкектин Ауэзов көчөсүндө жүк ташуучу унаа күйүп кетти

659

Бишкектин Кырман жаңы конушунун Ауэзов көчөсүндө жүк ташуучу фура күйүп кетти. Кырсык катталган жерге өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү кызматынын бир унаасы барган. Өрт бир саатка жетпей өчүрүлгөн.

Маалыматтарга караганда, бул кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Өрт эмнеден улам чыкканы учурда такталып жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.