Бишкектин бир бөлүгү дээрлик бир суткага жакын электр жарыксыз калды

932

Кечээ күнү саат бештер чамасында «Жал» кичи районундагы көмөкчордондун жабдыгы күйүп кетип, натыйжада борбор калаанын батыш бөлүгү жана Жунусалиев, Айни, Островский, Сухомлинов, Жаманбаев, Бакаев көчөлөрүнүн жашоочуларына электр энергия берүү токтотулган.

Өрт чыккан жерге адистер дароо жетип барып, жалынды күчөтпөй басып калууга үлгүрүшкөн. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок. Өрттүн кесепетинен шаардын негизги көчөлөрүндөгү жол чырактар иштен чыгып, бир топ ыңгайсыздыктарды жаратты.

«Улуттук электр түйүндөрү» ачык акционердик коомунун кызматкерлери өрттүн себебин күндүн кескин сууктап кетүүсүнө байланыштырышууда. Жарандар жылыткычтарды ашыкча иштеткендиктен, электр чубалгыларына күч келип, көтөрө албай өрт чыккан.

Учурда көмөкчордонду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.