Бишкектин борборунда айкел орнотууга тыюу салынабы? (видео)

4234

Сапатсыз жасалган эстеликтер ордо калаанын көркүн бузуп жатат. Андыктан Бишкектин борбордук бөлүгүндө айкелдерди коюга тыюу салынышы керек. Учурда Бишкек башкы архитектура мэрия менен Маданият министрлигине дал ушундай сунуш берүүдө. Мекемеден билдиришкендей буга шаар тургундарынын кайрылуулары себеп болгон.

Ошондой эле Кыргыз реставрация институту дагы мындай демилгени колдойт. Адистердин айтымында, Бишкек шаарынын ичиндеги айкелдерге туура кам көрүлбөгөндүктөн, жыл сайын сыны кетүүдө. Ошол эле маалда бул сунушка каршы болуп эстеликтердин тарыхый орду бар дегендер да бар.