Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө 8 күнгө тыюу салынды

624

Мындай чечим баш калаанын Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынган. Ага ылайык, Бишкектин борбордук бөлүгүнө 12-июлдан 20-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынат. Мындай арыз менен Биринчи май районунун жетекчилиги кайрылган.

Ага 12-июлда Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин келиши жана бир катар расмий иш-чаралар себеп катары көрсөтүлгөн.

Буга байланыштуу Бишкек мэриясы бардык митинг-акцияларды Горький атындагы скверде өткөрүүнү сунуш кылууда. Буга чейин калаа башчысы Азиз Суракматов шаар тургундарын митингге чыкпоого чакырып, мэрия кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.